Татарстан Раиси Рустам Минниханов Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады
“Россия-Ислам дүйнөсү” стратегиялык көз караш тобунун төрагасы, Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Минниханов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
“Ушул жазгы күндөр менен келген ойгонуу, жаңылануу жана жашоо кубанычынын руху адамдардын жүрөгүнө жакшы үмүт жана келечекке болгон ишенимди толтурсун, жаратмандык энергияны алып келсин жана ийгиликке бай болсун.
Сизге жана бүткүл Кыргызстан элине чын дилимден ден соолук, бакыт жана баштаган бардык иштериңизге ийгиликтерди каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
***
Раис Татарстана Рустам Минниханов поздравил Президента Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с праздником Нооруз
Председатель группы стратегического видения «Россия-исламский мир», Раис Республики Татарстан Рустам Минниханов поздравил Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова и народ Кыргызстана с праздником Нооруз.
«Пусть дух пробуждения, обновления и радости жизни, которыми пронизаны эти весенние дни, наполнит сердца людей добрыми надеждами и верой в лучшее, принесет с собой много энергии созидания и будет щедрым на удачу.
От души желаю Вам и всем жителям Кыргызстана здоровья, счастья и успехов во всех благородных начинаниях», - говорится в поздравительном послании.