Телеграм канал 'Кызыктуу психология - кыргызча.'

Кызыктуу психология - кыргызча.


384 подписчиков
0 просмотров на пост


Детальная рекламная статистика будет доступна после прохождения простой процедуры регистрации


Что это дает?
  • Детальная аналитика 209'545 каналов
  • Доступ к 81'042'871 рекламных постов
  • Поиск по 311'865'431 постам
  • Отдача с каждой купленной рекламы
  • Графики динамики изменения показателей канала
  • Где и как размещался канал
  • Детальная статистика по подпискам и отпискам
Telemetr.me

Telemetr.me Подписаться

Аналитика телеграм-каналов - обновления инструмента, новости рынка.

Найдено 19 постов

МАМИЛЕЛЕРДИН экинчи этабы ЭЙФОРИЯ бүтөрү менен башталат. Экинчи этапты башынан өткөрүп жаткан айымдар: " Ал өзгөрүп кетти", "Биздин ортобузда эмне болуп кетти билбейм", "Мамилебиз сууп баратат" деп арызданышат.
А бирок эч нерсе болгон жок, жөн гана маскалар чечилип, эйфория өтүп, ар ким өзүнө келди.
🔷Ойчул типтегилер башында абдан сезимтал, мээримдүү сезилип атса, азыр алар түнт, өтө токтоо, эмоциясы жок адамга айланды.
🔷Сезимтал типтегилер башында абдан жыйнактуу, тартиптүү, акылдуу сезилип атса, азыр алар өтө шайыр, ачык, эмоцияга жогору маани берген, өзүнүн ыңгайлуулуктарын биринчи орунга койгон адамга айланды.
🔷Туюмчулдар тамашакөй, абдан жеңил мамиле курган, тапкыч адамдай сезилип атса, азыр алар өтө катаал, талап кылуусу көп, буйрук кылганды, бийликти жакшы көргөн адамга айланды.
🔷Ал эми интуиттер башында болгон проблеманарды чечип берчү кишидей сезилип атса, азыр алар эч нерсе менен иши жок, кандайдыр бир өзүнүн дүйнөсү бардай адамга айланды.
Бул этапта мамилелерди толук кандуу түшүнүүгө психотиптерди билүү жардам берет.
Кийинки постто мамилелердин кийинки этабы жөнүндө сөз болот.
Ал эми сиздерде мамилеңер сууп, ортонор алыстаган, шеригиниз өзгөрүп кеткендей сезимдер болду беле, эгер болсо мамилеңер башталгандан кийин канча убакыттын ичинде болду эле?
#ГульзадаУсупова #кыргызчатипология #кыргызпсихолог
МАМИЛЕЛЕР жаңы гана башталганда сонун, башкача айтканда ЭЙФОРИЯ абалы болот. Көпчүлүк бул мезгилди конфеттик-букеттик период деп коёт эмеспи:)...
Ошол мамилелердин биринчи этабындагы эйфория абалында ар кайсы психотип өзүн ар башкача алып жүрөт. Мамилелер жаңы башталганда баардык ПСИХОТИПтер маска кийишип, өзгөрүлөт. Эстесеңиз башында жактырган адамабыздын кемчилиги жоктой сезилет, себеби маскачан кызыктуу, коркунучсуз, шайыр болот эмеспи.
Биз азыр эркектерди мисал катары алсак:
🔷Ойлонуучу типке кирген, башкача айтканда ойчул эркектер негизи көз карашы олуттуу, эмоциялары супсак, токтоо мүнөз, көп сүйлөбөгөн адамдар болушат. Ал эми сүйүп калганда ал тескерисинче өтө жумшак, ак көңүл, шайыр адамга айланат.
🔷Сезүүчү типке киргендер же сезимтал эркектер негизи өтө шайыр, бат тил табышкан, көп жана катуу сүйлөгөн, өтө эмоционалдуу адамдар болушат. Ал эми сүйүп калганда абдан сылык, токтоо, эмоциясын билгизбеген, өтө адептүү адамга айланат.
🔷Туюп сезүүсү күчтүүлөр же башкача айтканда туюмчулдар (ощущатели) күчтүү, кырс мүнөздүү, айтканынан кайтпаган, чечкиндүү, бийликти жакшы көргөн адамдар болушат. Сүйүп калганда өтө мээримдүү, жеңил мүнөздүү болуп, дайым тамашалап сүйлөп, көңүлдүү адамга айланат.
🔷Ал эми интуиттер негизи мүнөзу абдан жеңил, эркиндикти жакшы көргөн, фантазияга жакын, материалдык баалуулуктардан алыс адамдар болушат. Сүйүп калганда алар чечкиндүү көрүнгүсү келип, бардык проблемаларынды чечем, кредитинди төлөйм, үй сатып берем, эс алууга алып барам деген сыяктуу убадаларын берет.:)
Бирок эйфория сөзсүз бүтөт эркектики, ал эми аялдын эйфориясы активдүү түрдө уланган бойдон калат.
Эйфория бүтүп, маскалар алынганда эмне кылыш керек? Бул жөнүндө мен курста кеңири айтам.
Кийинки пост мамилелердин экинчи этабы тууралуу болот.
Бул постко лайк коюп, кийинки постту күтүңүздөр
#аялэркекмамилелери #жашоо #турмуш #психологиялыккелишпестик #типтештируу
ПСИХОТИПтер жөнүндө баракчамда аз-маз жаздым эле. Азыр ошол теманы улагым келип турат. Азыркы учурда адамдарды психологиялык типтерге бөлүштүрүү боюнча көптөгөн системалар бар. Бирок ошолордун дээрлик бардыгы Юнгдун типтештируусуно негизделген. Юнг айтат: адамдын психикасы 4 функция, кызматты аткарат. Алар:
🔷ойлонуу
🔷интуиция
🔷 эмоция, сезим
🔷туюп-сезуу (ощущение)
Ар бирибизде бул 4 функция бар, бирок бирөө эң күчтүү өнүккөн, бирөө эң алсызы. Эгерде биз өзүбүздүн күчтүү функцияга таянып жашасак анда жашообуздун бардык тарабы ийгиликтүү болот, а эгер алсызына таянып жашасак айтпасак да түшүнүктүү, жашообуз эптеп-септеп өтө берет.
Кайсы типке киресиз, кайсы функция сизде күчтүү, кайсынысы алсыз билгиңиз келеби?
Кийинки постто дагы уланат бул тема. Суроолорунар болсо комментарийге калтыргыла. Лайк басканырдан силер менин постторумду окуп жатканыңарды билем🙂
#типтештируу #инсандынтипологиясы #психотиптер
2020-жылдын акыркы сааттары.
Көпчүлүк өтүп бараткан жылды оор жыл, катаал жыл болду деп аныкташууда.
Чынында бул жылы адамзаттын башына келген кыйын сыноолор дагы деле уланууда.
Бирок кризис, кыйынчылык болмоюн өсүш жок демекчи, бул жылдагы пандемияда адамзаттын жашоосу бир режимден экинчи - башка жаңы режимге өткөндөй.
Жашоонун жаңы режими болсо бизден мезгилден артта калбоону, өзгөрүүлөргө ыкчам ылайыкташууну талап кылууда.
Карантин адам менен адамдын көзмө-көз, бетме-бет, түздөн-түз, азыркы тил менен айтканда оффлайн, реалдуу режимдеги мамилеси, байланышы кандай баалуу экендигин туйгузду. Бара бара баары онлайн режимге өтсө, оффлайн кызмат көрсөтүү "премиум класстагы люкс товарга" айлануусу толук мүмкүн.
Пандемия адамдын ден соолугунан ашкан байлык жок экенин үйрөттү. Тазалык жана тартип эрежелерин сактоо ден соолук үчүн кандай маанилүү экендигин түшүндүрдү.
Пандемия сүйүү, сыйлоо, кайрымдуулук сыяктуу бийик сапат, сезимдерди ойготту.
Өтүп бараткан жылдын дагы башка маанилүү сабактарын убакыттын өтүшү менен баамдап билебиз деген ойдомун. Айтайын дегеним мен өткөн жылга мага көп нерсени үйрөтүп, алга сүрөгөндүгү үчүн ыраазымын!
Келе жаткан Жаңы жыл жаңы ийгиликтердин, жаңы бакыттын, жаңы ачылыштардын жылы болсун. Мезгилдин сыноолорунан ийгиликтүү өтүшүбүзго чын дилден тилектешмин. Баарыңыздарды келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен!
#жаныжыл
МАМИЛЕБИЗ БҮТТҮ.... АЖЫРАШТЫК.... БААРЫ БҮТТҮ...
Бирок бир жолу башталган мамилелердин аягы болбойт. Мамилелерде акыркы чекит (точка невозврата) болбойт.
Мамилелердин башталышы гана болот.
Ооба мамилелер суушу мүмкүн, алысташы мүмкүн, үзүлүшү мүмкүн, убактылуу токтошу мүмкүн, бирок алар эч качан аяктабайт.
Эгерде мамилелер эки тарап үчүн тең оор болуп, жеңилдик, кубаныч, бакыт алып келбей калган болсо, анда эң жакшысы мамилени убактылуу болсо да токтотуп туруу.
Эгерде кайра мамиле түзүүгө даяр болгонунузга ишенсеңиз каалаган учурда каалаган мамиленизди жандандырып ала аласыз. Буга ишенип коюңуз.
Ажырашуудан коркпоңуз! Кээде ажырашуу бирге болуунун жалгыз шансы болушу мүмкүн!
ОТУЗДАН КИЙИНКИ МАМИЛЕЛЕР...
30 жаштан кийин мамиле өзүнөн өзү эле пайда болбойт. Сиз анын эң активдүү катышуучусу болушуңуз керек. Сиз жок бул процесс башталбайт дагы. Төмөндө отуздан кийинки мамилелер болуш үчүн бир нече шарттар:
🔹 Өзүңүз дагы жактырып, сүйүүнүз керек, сиз эч кимди жактырбасаныз, башкаларда деле сизге ошондой сезимдер болот көбүнчө🙂.
🔹Таанышалы, сүйлөшөлү, баарлашалы дегендердин баарын эле четке кага бербеңиз. Баардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонсоңуз, Аалам сиздин мүмкүнчүлүктөрдү он эселеп көбөйтөт.
🔹Өзүңүздүн барк-баанызды кичине туураланыз. Башкача айтканда "жерге түшүңүз"🙂 Сизди жактырган адамдардын деңгээли дээрлик сиздикиндей эле болот. "Ал менин теңим эмести" таштаңыз.
🔹Бир көрүп сүйүп калууга ишенбениз жана аны кутпонуз. Эң бекем мамилелер бирге жакшы убакыт өткөрүүдөн улам бара-бара келип чыгат. Бул жерде негизги сөз "бара-бара, улам-улам".
🔹Мурунку шеригиниз тууралуу фантазиядан алыс болуңуз. Ушуга чейин бирге болбогон, мындан ары чогуу болоорунар деле күмөн.
🔹 Үй-булоолуу менен жолугушпаныз. Ал өз жашоосу менен жашайт, а сиз анын жашоосу менен жашайсыз. Жакында ажырашам деген убада аткарылбайт, жөн гана сөздөр, сиз анын татаал жашоосун бир аз жеңилдеткен каражатсыз.
🔷 Акыркысы, түгөйлүү болуп жашоо бул эң сонун. Менин тагдырым мени өзү табат же мен үй бүлө үчүн жаралган эмесмин деп өзүңүз менен макулдашпай эле коюңуз.
Ар бир адам сүйүүгө татыктуу.
Web-страница:
Визуализация деген эмне?
Визуализация деген эмне? Аны кантип туура аткарыш керек? Эмне үчүн көп визуализация жасасам деле пайдасы жок?
Видеодо ушул суроолорго жооп аласыңар.

Найдено 19 постов