🌙 АЙДЫН КИРИШИНДЕ ЖАНА ЧЫГЫШЫНДА АСТРОНОМИЯЛЫК ЭСЕПТӨӨНҮН ӨКҮМҮ
Орозонун башталышын жана аякташын календарь менен кароо уруксатпы?
❓ СУРОО. Кээ бир Ислам өлкөлөрүндө орозо айынын, Шавваль же Зул-хижжа айларынын башталышын аныктоодо айдын көрүнүүсүнө эмес, астрономиялык эсептөөгө таянышат. Бул тууралуу жарыя адатта ошол өлкөнүн фетва бөлүмдөрү же дин иштери боюнча мекемелери тарабынан жасалат.
Мындай эсептөөгө таянса болобу жана аталган мекемелердин сөзү эсепке алынабы? Же айдын көрүнүүсүнө таянган өлкөлөрдүн радио-берүүлөрүнө кулак салуу керекпи?
❗️ ЖООП. Муфтий шейх Ибн Баз (рахимахуЛлах) айтты:
Ажылыкта жана Рамазан айында айдын киргенин аныктоодо айды көрүү (ру'я) милдеттүү болуп саналат. Бул тууралуу Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп ооз ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп (ай көрүнбөй) калса, анда санын толуктагыла (отуз күн кылгыла)».
Ошондой эле алайхис-солату вас-салам мындай деген:
«Айды көрмөйүнчө орозо кармабагыла жана айды көрмөйүнчө ооз ачпагыла. Эгер күн бүркөө болсо, санын толуктагыла».
Бул маанидеги сахих хадистер Бухари, Муслим жана башка хадис жыйнактарында Пайгамбардан ﷺ көп келген.
Пайгамбар ﷺ айткан:
«Биз жазууну жана эсептөөнү билбеген (уммий) үммөтпүз. Ай мынча, мынча жана мынча болот», — деп эки колунун манжалары менен үч жолу көрсөткөн, тактап айтканда «отуз күн» деген. Андан соң кайрадан көрсөтүп, үчүнчүсүндө баш бармагын бүгүп «жыйырма тогуз күн» экенин билдирген.Демек: «Айды көрүп орозо кармагыла, айды көрүп ооз ачкыла. Эгер күн бүркөө болсо, санын толуктагыла». Башка бир лафзда: «отузду толуктагыла», дагы биринде: «Шаабан айынын санын отуз кылып толуктагыла», үчүнчүсүндө: «отуз күн орозо кармагыла» деп келген.
Пайгамбар ﷺ ушундайча ачык түшүндүргөн.
Ал эми астрономиялык эсептөөгө (хисаб) таянууга болбойт жана ага ишенүүгө уруксат берилбейт. Биз бул тууралуу бир нече жолу эскертип, көптөгөн макалаларды жазганбыз.
Шайхулислам Абуль-Аббас ибн Таймия (Аллах аны ырайымына алсын) айдын кирүүсүн аныктоодо эсептөөгө таянууга болбой тургандыгына аалымдар бир ооздон макул болушканын (ижмаъ) айткан. Негизги таяныч — айдын көрүнүүсү же айдын санын толуктоо.
Мисалы, эгер Шаабанда ай каралып, жекшембиден дүйшөмбүгө түнү көрүнбөсө, анда дүйшөмбү күнү анын отузунчу күнү болот да, Шейшемби күнү орозо башталат. Эгер дүйшөмбүгө караган түнү ай көрүнбөсө, эсепчилер «ай дүйшөмбүдө кирет» десе да, алардын сөзүнө амал кылынбайт. Ошону менен бирге, эгер эсепчилер «ай шаршембиде гана кирет» дешсе да, ага көңүл бурулбайт. Биз Шаабандын санын отуз кылып толуктап, шейшемби күнү орозо кармай беребиз. Анткени ал жекшемби түнү кирген, ал эми дүйшөмбү түнү ай көрүнбөгөн соң, биз аны отузга толуктадык. Бул Пайгамбардын ﷺ: «Айды көрүп орозо кармагыла, айды көрүп ооз ачкыла, эгер күн бүркөө болсо, Шаабандын санын отуз кылып толуктагыла» — деген сөзүнө ылайык. Аллахка шүгүр, биз санды отузга толуктадык, иш ушундай.
Демек, максат — эсептөөгө жана эсепчилердин сөзүнө таянууга болбойт. Негизги таяныч — айды көрүү. Пайгамбар ﷺ бизге ушуну кабарлаган, сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) жана алардын жолун жолдоочулар ушул жол менен жүрүшкөн. Жогоруда аталган Шайхулислам ибн Таймия жана башка илим ээлери бул маселеде ижмаъ (бирдиктүү пикир) бар экенин жеткиришкен.
Ал эми кийинки муундагылардан кимдир бирөө буга каршы чыкса, алардын сөзүнө көңүл бурулбайт. Алар канчалык залкар болушса да, канчалык аалым болушса да, анткени алар сүннөткө каршы чыгышкан.