Телеграм канал '𝑨𝑹𝑼𝑼__𝑫𝑼𝑰𝑵𝑶•🕊️'

𝑨𝑹𝑼𝑼__𝑫𝑼𝑰𝑵𝑶•🕊️


1'627 подписчиков
просмотров на пост

🌠жон эле ойлор
🌠Учкул создор
🌠Поэзия
🌠Китептен узундулор
🌠 Жагымдуу музыка
🌠Электрондук китептер

Суроолор жана сунуштар боюнча: @adinai_02
Биздин инстаграм: @aruu__duino

Детальная рекламная статистика будет доступна после прохождения простой процедуры регистрации


Что это дает?
  • Детальная аналитика 194'159 каналов
  • Доступ к 71'907'071 рекламных постов
  • Поиск по 273'905'032 постам
  • Отдача с каждой купленной рекламы
  • Графики динамики изменения показателей канала
  • Где и как размещался канал
  • Детальная статистика по подпискам и отпискам
Telemetr.me

Telemetr.me Подписаться

Аналитика телеграм-каналов - обновления инструмента, новости рынка.

Найдено 176 постов

Сен басып өткөн бардык жерде "кыздын изи" калсын!

Эгер сенде "кыз" сыпаты калыптанган болсо, анда сөзсүз түрдө сен басып өткөн жерде анын изи калат...

Өтүп бара жаткан жолуңдан бүлүнгөн көрүнүшкө кезиксең аны сөзсүз түрдө жыйна, түздө, тургуз, айтор ордуна келтирип өт, бул - "кыздын изи"...

Көчөдө бара жатсаң жөн гана жылмай, көчөдөгү сенин жылмаюуңдан жаралган нур, бул да "кыздын изи"...

Курбуларың менен кезиккен жерде бийик үндөн, ашыкча сөздөн өзүңдү оолак тут, ал жерде пайда болгон назик илеб же сырдуу тынчтык да ''кыздын изи"...

Маанилүүсү, сен олтурган дасторкондо сөзсүз түрдө "кыздын изи" калууга тийиш. Сырттабы, үйдөбү, кимдир бирөөдө коноктобу, айтор эч бир жерде сенин артыңдан бирөө жыйнап жатып иренжий турган абал жаралбасын. Мүмкүн болушунча өзүңдүн алдыңды өзүң жыйнап турууга, өз идишиңди өзүң жууганга аракет кыл, бул эң зарыл болгон "кыздын изи"...

Сен жашаган бөлмөдө "кыз изи" ар тараптан байкалып, даана көрүнүп турсун!
@kyz_alippesi
Изображение
Жүрөгүңдү сакта!
Сезимдериңе камкор бол!

Жан дүйнөң талкаланып, кыйрап бараткан кезде бирөө кол сунуп, өз дүйнөңдүн алааматынан куткарып калат деп күтпө!

Сени сенден башка эч ким куткара албайт...

Эгер канатың жараланса анын оорусу сенден башка эч кимге сезилбейт, жана ал жараны сенден башка эч ким ойлобойт, айыктыра да албайт...

Андыктан сезим канатыңды сакта!

Бир убактарда жүзүңдөн жоготкон жылмаюуну, эми бүгүн өзүнө кайра белек кыл!

Көз жашыңдан уялба, зарыл болсо төк!
Аны убакыт бир кездерде баары бир кургатат.

Өзгөнү жаңылып кубанткан күнүң үчүн өкүнбө, бирөөлөр сезимдериңди жабыркаткан болсо кек сактаба, аны менен өз жан дүйнөңдү дарттан сактайсың!
@kyz_alippesi
Изображение
Ⲥυⳅ υⳅⲇⲉⲅⲉⲏ ⲃυⲇⲉⲟ, ыⲣⲗⲁⲣ ⲯⲁⲏⲁ ⲥүⲣөⲧⲧөⲣ ⳝυⳅⲇⲉ!

@Nur5anu

@A5yt0va

https://t.me/joinchat/AAAAAFjjBwfdGpif4ko8qg
Web-страница:
Skromno🌸
Ⲥυⳅ υⳅⲇⲉⲅⲉⲏ ⲃυⲇⲉⲟ, ыⲣⲗⲁⲣ ⲯⲁⲏⲁ ⲥүⲣөⲧⲧөⲣ ⳝυⳅⲇⲉ!

@Nur5anu

@A5yt0va

https://t.me/joinchat/AAAAAFjjBwfdGpif4ko8qg
Адам менен таанышканда дароо көзүнө тигилем. Ала адамдын дүйнөсүн көздөрү божурап берет. Сөзү алдаса да, көзү чындыкты айтып чыркырап турат анткени. Өзөгү, дүйнөсү көзүнө чагылат. Сөздөргө ишениш кыйын бирок көздөргө ишенсе болот. Тикте. Тереңине кир.  Уурту жылмайып турса дагы жүрөктүн муңун, айтылбай, катылып жаткан сырын көз төгөт. Күчтүү энергетика жатат көздө. Жан дүйнөңдү талкалап жиберген көздөр бар. Болуп көрбөгөндөй сүйүү төккөнү,  тазалык тартуулаганы, көзүнөн көзүңдү алгың келбегени, же тескерисинче, тике карагың келбей, качкың келгени, жаныңды сууруп алчудай телмиргени да бар. Жан дүйнөнүн күзгүсү анткени алар!Козуно тигил! Оку!
Видео/гифка, 16 сек,
ЧОЙРОНО МААНИ БЕР!!!
Адам кобунчо кайдан сабак алат,кимди карап туздонот.Жашоодо эн негизги мугалимдин бири-чойро.Досторун-чойрон сенин.
Эмнеге? Анткени аларда kун сайын бир озгоруу болот.Алардан кун сайын бир пайда ,зыян болот.Жашоодо бир нерсени кылышкан,корушкон болот.Сен ошол даяр нерселерден уйроносун.Ошондуктан жашоодо эн негизгиси чойроно маани бер! Тегерегин кандай адамдар? Кимдин тегерегинде журосун? Алды-артына кара,телефонуна ,ватсапына,ютубуна кара.Кимдерди коруп, кимдерди карап атасын? Ким сенин чойрон ? Чойро дегенде эле суйлошкон адамын же жашап аткан адамдарын эмес,бул сенин телефондо 24саат кирип коруп аткан инстаграмдагы сторис ,лента,пост бут баары сенин чойрон.Ютубда коруп аткан роликтерин,видеолорун бул сенин чойрон.Сен кимди корсон ошого окшогун келет. Чойронду тактап ал! Жашоо нугунду корсотуп беруучу бул -чойрон.Чойроно жараша алдыга жылуун болот. Ошондуктан чойроно маани бер!!
Береги себя... Когда мир твой крушится и ломается, не жди, что кто-то протянет тебе руку помощи, чтобы вытащить из-под обломков судьбы. Никто, кроме тебя самой не поставит тебя на ноги и не отряхнет пыль с твоих крыльев. Береги себя... Никто не подарит тебе улыбку, пока ты сама не обретёшь утраченную способность улыбаться. Не стыдись своих слёз, но знай, что высушить тебе их поможет только время...

Видео/гифка, 13 сек,
АППАК БУЛУТТАР...
Кокмок асманда салабат менен каалгый учуп,агылган булуттар аркы-терки туруло менменсинген бийик чокуларды жиреп отуудо,шамалдын эркиндеги булуттар бир нече сааттан кийин ,калаа устунон учарын дагы билишпейт.... Булуттар тунду жек корот...Апакай булуттар завод ,фабрикалардан айрыкча ташты талкалап,акка,цементке айландырып аткан заводдордон буруксуп чыккан заардуу чандарга толо тутундон заарканышат..Ошол буруксуган чан алардын онун булгап, ыран турсун озгортуп жиберип атканын ар убак ошол заводдун устунон отуп баратканда тушунушот...Тутун булутка окшоп шаар устун каптап алганын,анын ичиндеги уулуу заттар айлана-чойрону,дарактарды кыйма-чийме агылган автомобилдерди булгап атканын булуттар корушот..Суунун бууланышынан пайда болгон аруу булуттар чан,заардуу,уулуу тутундор адамдардын опкосу менен кирип,андан ары кан-тамырлар менен айланып,ооруга, дартка чалдыктырып,аны менен кошо табигатты дагы булгап атканын коруп отушот.Карачы ...Бир адам акча табыштын аракетинен жаратылышты бузуп,тоолордун боорун оюп,талкалап,табигаттын канын соруп,байып атса,миндеген адамдар анын кесепетинен ден соолугунан ажырап атса,бул окунучтуу корунуш эмеспи,ыя...?! 500мин жылдардан бери асман тиреген тоолор азыр сиз менен биз кун кечирип аткан доордо ар кандай жолдор менен байлык топтоонун аракетинде болгон адамдардын кесепетинен бузулуп атса,бул баарыбызга уят эмеспи??? Келечек урпактарга жарымы желирилген ,ортосу оюлган тоолорду, уулуу сууларды ,жыланачтанып куураган токойлорду калтырабызбы?! Биздин конул кош,коркоктугубуздун айынан байлыгы ашып -ташкан ишкердердин мындан ары да экологияга залалын тийгизе береби? Анан кантип биз урпактарыбыздын келечеги жонундо кеп курабыз??? Эгер табигат мыйзамдарын, алар да бизге окшоп бузуп кирсе,озунон кийин татыктуу тукум улаар кесил калтыра алабы? Ошондо 100-1000 жылдардан кийин жарык дуйного келген урпактар бизге нааразы болушпайт бекен.Эгер абал дал бугункудой улана берсе,инсаният ошол кунго жетип барабы? Эн негизгиси баарын,баарын жашоо-тиричиликти жан-жаныбарларды жасаган Жараткан Жалгыздын каарына калбас бекенбиз? Аппак булуттар ана,адамдардын ач-коздоно бугунку куну эле жашап,эртенкисин ойлобой,жасаган иштерине капа болуп,тутун-чанга булгана, ону озгоруп,шаар устунон агылып,алыстап, отуп барат...
#дербишкитебинен
#ПАЙДАЛУУКЕНЕШ
СИЗДИ СМАРТФОНУҢУЗ АРКЫЛУУ КИМ АҢДЫП ЖАТКАНЫН КАНТИП БИЛЕБИЗ

Биз кандай гана жумушту аткарбайлы, башкы артыкчылык коопсуздукка берилет. Коопсуздук деп жагымсыз жана зыяндуу нерселерден сактанууну айтабыз. Бардыгына коопсуздук керек. Смартфондорго дагы.

Смартфонду ойногонго, чалганга, чаттарда сүйлөшкөнгө ж.б. колдонобуз, бирок коопсуздук чараларын көрөбүзбү? Төмөндөгү коддор сиздин маалыматтар коопсуздуктабы, жана кимдир бирөө смартфон аркылуу сизди аңдып атабы, билгенге жардам берет.

*#21#

Бул сандар менен символдор комбинациясы, сизде чакырууну башка дарекке буруу (переадресация) кызматы кошулганбы, көрсөңүз болот. Бул кодду терсеңиз, маалыматтар кайсы номерге трансфер болуп атканын көрөсүз. Эстеп көрүңүз, жакынкы убакта эч ким сиздин телефонду кармаган жок беле, же бейтааныш адамдарга чалып алууга берген жок белеңиз? Эгер андай болгон болсо, анда чоочун адамга маалыматтарыңыз кетип жатуу мүмкүнчүлүгү бар. Коркунучта сиздин мобилдик капчыгыңыз да болуп калышы ыктымал.


*#62#

Бул код, сиз мобилдик тейлөөдөн сырткары болгон же телефонуңуз өчүп турган учурда түшкөн чалуулар менен СМСтер кайсы номерге кетип жатканын көрсөтөт. Эч болбогондо, сиздин уюлдук оператордун үн почтасына бурулган болот. Номерлерди салыштырып көрүңүз, эгер оператордун номери эмес деген суроо пайда болсо, же ал номерге ишенбесеңиз, операторуңуздан сурап коюңуз.

##002#

Бул комбинацияны терүү менен чалууларды буруунун бардык түрлөрүн өчүрө аласыз. Код универсалдуу жана бардык смартфондорго туура келет.


*#06#

Бул код, IMEI (International Mobile Equipment Identifier) деп аталган, телефондун идентификациялык номерин көрсөтөт.

Эл аралык индентификатор номерин билип алсаңыз, мисалы, жоготуп же уурдатып жиберсеңиз, ушул номер аркылуу издеп тапканга болот: аппарат күйөөрү менен IMEI номерин мобильдик операторго жиберет, ичинде сиздин симкабы же башканыкыбы, мааниси жок.


Кылмышкерлер менен шпиондордон кантип коргонобуз:

Чочундардан жабык мессенжерлерди колдонуңуз: Telegram, Chare, Wickr, Signal. Тааныш эмес тиркемелерди смартфонго орнотпоңуз, орнотулган тиркемелерге көз салып туруңуз жана колдон келсе, блоктоо системасын колдонуңуз. Шектүү шилтемелерге өтпөңүз жана шектүү “бекер” точкалардан заряддабаңыз.

Сиздин телефонго сиздин мобилдик оператор гана байкоо жүргүзө алат, ошондо да сиздин макулдугуңуз менен гана. Башка бирөөлөрдүн турган жерин таап берем деген сайттар менен тиркемелерге ишенбеңиз. Абайлаңыз!
Бир адам билгиси келсе,бир адам ишенгиси келет...Бир адам суйгусу келсе,бири суйулгусу келет.Тагдырдан ар пенде ар нерсени кутот ээ..
Видео/гифка, 30 сек,
Адамдын организми 24 саат бою...🖇

💫Түнкү саат бирде: Өзгөчө ушул убакта адам таттуу уйкуда уктап жатса да, организми ар кандай ооруларга сезимтал болот. Болор-болбос дабышка да ойгонушу мүмкүн.

💫Түнкү экиде: Боордон башка дененин бөлүктөрү пассивдүү абалда болушат. Боор болсо, так ушул маалда организмдеги ууларды өлтүрөт. Эгерде ушул учурда сизден уйку качып жаткан болсо, эч убакта кофе же чай ичпеңиз. Андан көрө бир стакан сүт ичсеңиз магдырап, уйкуңуз бат келет.

💫Түнкү үчтө: Дене толугу менен жай иштеп баштайт. Бул учурда адамдын канынын басымы эң төмөнкү этапта болот. Дем алуу менен кан-тамырлар аябай эле жай иштейт.

💫Түнкү төрттө: Кулактын угуусу жакшы иштеп, кичинекей дабыш угулса да, адам уйкудан дароо ойгонот. Мээнин кан тамырлары "эс алууда" болот. Статистика боюнча, оорулуулардын көбү дал ушул сааттарда көз жумушат экен.

💫Таңкы беште: Бөйрөктөр бир калыпта иштеп, ушул маалда тургандар бир күн бою сергек жүрө алышат. Адамдардын көпчүлүгү таңкы беште такыр түш көрүшпөйт.

💫Таңкы алтыда: Кан басым көтөрүлүп, жүрөктүн кагышы ылдамдайт. Эгерде адам өзү уктагысы келип жатса да анын денеси ойгонуп алат.

💫Жетиде: Организм вирустар менен бактериялардан тазаланат.

💫Cегизде: Дене эс алып, боор ар кандай уулуу заттардан бошоп калат. Бул учурда спирт ичимдигин колдонгондо башка мезгилдерге салыштырмалуу боорго өтө чоң зыян алып келет.

💫Тогузда: Адам психикалык жактан активдүү болуп, ооруну көп сезбей калат. Жүрөк ушул мүнөттөрдө жакшы иштейт.

💫Ондо: Адам саат ондон баштап түшкө чейин кандай оор жумуш болсо да аткара алат. Себеби, организм кучтөнүп баштайт. Достор менен жөнү жок ушакташып, же уктап убакытты текке кетирүү туура эмес. Анткени, организм мындан башка убактарда мынчалык күчтүү боло албайт.

💫Он бирде: Жүрөктүн согушу жайлап, бир калыпка түшө баштайт. Оор жумушту аткарууда баарынан да булчуңдарга, мээге көп күч келет.

💫Он экиде: Курсакты катуу тойгузуп алган болбойт. Себеби, бул маалда бардык организм кыймылда болуп, ашказанга катуу күч келет.

💫Бирде: Боор "эс алууга чыгып", кандын айланышы күчөйт. Канчалык аракет кылсаңыз да организм эс алууну каалап, сиздин эркиңизди жеңет.

💫Экиде: Бул убакта адамдын организми толугу менен эс алып, сизге такыр моюн бербейт. Жүрөктүн кагышы башка сааттарга караганда жайлайт.

💫Үчтө: Болгон органдар ойгонуп, тамакка болгон табит пайда болот. Гурмандар ушул саатта тамактанууну башташат экен. Себеби, кандай тамак жебеңиз, ашказан жакшы сиңирип, семирүүгө алып келбейт.

💫Төрттө: Кандагы канттын деңгээли көбөйөт. Бул саатта таттуу азыктарды жебей эле койгонуңуз оң. Ансыз да канттын курамы көбөйүп турганда, таттуу азык жесеңиз, кант диабетине чалдыгышыңыз мүмкүн.

💫Беште: Энергияңыз ашып-ташпаса да организм кара жумушка жарактуу. Ошондуктан, спортчулардын да саат бештен алтыга чейин машыккандары туура.

💫Алтыда: Эч кандай жумуш жасабай эле организм кыймылда болууну каалайт. Психикалык активдүүлүк ушул мүнөттөрдөн баштап пассивдүү боло баштайт.

💫Кечки жетиде: Кандын басымы көтөрүлүп, адамдын психологиясы туруктуу абалда болгону менен нерви иштеп, сөзгө көтөрүмү жок болот. Мындай учурда болор-болбос жерден уруш чыгарышы мүмкүн. Баш оорулары барлар үчүн кыйын убакыт.

💫Кечки сегизде: Сегиздерде бардык нерсе кыймылда болот. Өзгөчө айдоочулар үчүн эң сонун мезгил. Адамдын организми ылдамдыкды эңсеп калат.

💫Кечки тогузда: Адамдын психикалык абалы жайына келет. Ушул учур студенттерге же актерлорго текст жаттаганга ылайык. Күндүз жасап жетишпей калган иштерди бүтүрүүгө мүкүнчүлүк түзүлөт.

💫Кечки ондо: Дененин температурасы ылдыйлайт да, жүрөктүн кагышы жайлап организм тынчтыкты каалап калат.

💫Түнкү он бирде: Дене эс алууга камданып, кыймылды сүйбөйт. Мээ маалыматты начар кабыл алгандыктан китеп же гезит окуган сунушталбайт.

💫Түнкү он экиде: Күндүн акыркы саатында түш көрүүгө ылайыктуу мезгил. Бир гана дене эмес адамдын мээси да бир күндүк жыйынтыктыкты чыгарып, өзүнө эмнелер керек болсо ылгап алат
Motivation📚 Мотивация💡🌸
✔️Китептер
✔️Мотивациялар
✔️Пайдалуу маалыматтар
✔️ЖРТ
✔️Картинкалар
✔️Жаратылыш
✔️Ислам дини
✔️Цитаталар
https://t.me/k_tolbashieva
Web-страница:
Motivation📚 Мотивация💡🌸
✔️Китептер
✔️Мотивациялар
✔️Пайдалуу маалыматтар
✔️ЖРТ
✔️Картинкалар
✔️Жаратылыш
✔️Ислам дини
✔️Цитаталар
💌
АЛ СЕНИ ЖАКШЫ КӨРӨТ...

Ал сени жакшы көрөт. А сен, мен сыяктуу аны жек көрүп жүрсөӊ керек?!. Мен анда аны аябай жек көргөм. Аны тыштап, ал жок жерлерге кетип калгым келер эле. Кызыгы ал бир гана жерде жок болчу. Көрдө! Мен көрдөн корктум. Алсыз адамдар кыйынчылыктан качып же өлүп кутулгулары келишет. Мен да алсыз элем анда. Мага анын ар кыйынчылыгы өлүм туюлчу. Тирмийип маӊдайыма келген сайын ал мени жек көрөт деп ойлочумун. Бирок ал мени болуп көрбөгөндөй жакшы көргөн экен. Тууганым, душманым тургай, өзүм да аӊдап түшүнбөгөн ички дараметимди, ички күчүмдү жалгыз ал гана сезген экен, баалаган экен. Мен байкуш чала бышкан картөшкөдөй болгон үчүн дагы быша түшсүн деген тура. Мен анын бул ыкмасын кайдан билдим. Азыр ал мени аябай жакшы көрөрүн билем. Мен да аны жакшы көрөм. Ал мага өзүмдү таанытты! Ырахмат сага ЖАШОО...

Жашоо өзү жакшы көргөн адамына эӊ чоӊ кыйынчылыктар менен келет. Күчтүү адам- кыйынчылыкты ийгиликке жетүүдөгү эӊ негизги тепкич деп билет. Алсыздар үчүн кыйынчылык жок болуу! Мен бала күндөн аябай күчтүү адам болгум келгени чын.

АКЫЛДУУ КЕП: « Турмуш- эӊ чоӊ мугалим».
🌕🍂☕📖 : @NurKn1

📚🍂 Мотивация 📝
📋 Пайдалуу баракча 🍂🌕

♡ Уютное местечко🍂🌕

☁️ то что в душе 🕊
♡записная книжка📖
🌥мои мысли📖
жонэлеойлор☁️🕊
https://t.me/podsvechnikk
Web-страница:
♡ Подсвечник 🌕🍂🕯
🌕🍂☕📖 : @NurKn1

📚🍂 Мотивация 📝
📋 Пайдалуу баракча 🍂🌕

♡ Уютное местечко🍂🌕

☁️ то что в душе 🕊
♡записная книжка📖
🌥мои мысли📖
жонэлеойлор☁️🕊
• Марафондор:
*Китеп окуу
*Тил үйрөнүү
*#КадамТашта
•Кызыктуу фактылар
•Китептеги асыл ойлор
•Мотивация
•Жеке ойлорум
• Пайдалуу кеңештер
• Өлкөлөргө саякат
Өлкөнүн өнүгүүсү, сенден башталат! Өзүңө инвестиция жаса!🌟🤝


@gulzinanur24 жеке байланыш үчүн.
https://t.me/asyloilorNg
Web-страница:
Асыл Ойлор🦋| Өзүн-өзү өнүктүрүү ✨
• Марафондор:
*Китеп окуу
*Тил үйрөнүү
*#КадамТашта
•Кызыктуу фактылар
•Китептеги асыл ойлор
•Мотивация
•Жеке ойлорум
• Пайдалуу кеңештер
• Өлкөлөргө саякат
Өлкөнүн өнүгүүсү, сенден башталат! Өзүңө инвестиция жаса!🌟🤝


@gulzinanur24 жеке байланыш үчүн.
Бул фразалар терең дүйнөнү түшүнгөн сыйкырга сүңгүтөт. Ар биринде акылдын бермети бар..

1. Кыялдар укмуштуу же аткарылбас болуш керек... болбосо – бул жөн эле эртеңкиге план болуп калат.

2. Жымжырттык – эмоциядан күчтүү. Үндөбөө – кыйкырыктан каттуу. Кайдыгерлик – согуштан коркунучтуу.

3. Мен чоңойбойт окшойм... дагы эле кереметке, сүйүүгө жана жакшы адамдарга ишенем.

4. Сулуулугуң үчүн сүйгөн жокмун, карылыгың үчүн жаман көрүп калбайм.


5. Кое бергенди үйрөнгүлө. Өзүңүздүкү болсо кайтып келет.

6. Жан дүйнөнү түшүнүп болбойт. Кайда экенин эч ким билбейт, бирок ооруганын баары сезет.

7. Сизге жолуккан адам жылмайгандай, сүйлөшкөн адам кичине болсо да бактылуу болгондой жашаңыз.

8. Кээде, деги бир кызык жол менен жашоо, өзүнөн өзү жөнгө салынат.


9. Бакыт – ата-энеңдин саламаттыгы.

10. Башкаларды басынтып, жогорулай албайсың!

11. Эң чоң катачылыгыбыз, дагы убакыт бар деп жүрө бергенибиз.

12. Эгерде жасап жаткан учурда бактылуу болсоң, анда өкүнбө.


13. Болгон нерсебизге нааразы болуп жатканыбызды Кудай өзү кечирсин...

14. Көңүл калтырган адам менен мамилеңди териштирбе. Тынч гана ыпыр сыпыры менен жалгыз таштап кой.

15. Ар кимдин өз көйгөйү бар – кимдир бирөөгө нан катуу болсо, бирөө үчүн бриллианты кичине. Болгон нерсени баалагыла!

16. Кээде Кудай коргош үчүн жашооңуздан кээ бир адамдарды алыстатат. Артынан ээрчибеңиз.

17. Жок нерсеге алдын ала кайгырып же сүйүнбөңүз.

18. Эгерде жан дүйнөңүз тартпаса, дене менен көпкө кармай албайсыз.

19. Кудай баарын өз убагында берет, күткөндү үйрөнүңүз.

20. Бала – бакыт, "айфон" эмес.

21. Балдарыңдын жетишкендиги, өзүңдүн жетишкениңден да маанилүү.

22. Ата-энеңерди коргогула, алар тирүү кезде биз дагы эле балабыз.

23. Абийир ошондой... Кыйначу адамды кыйнабайт, абийирдүү адамды кыйнайт.

24. Адамдын эң чоң коркунучу – узак убакыттан бери жаңылып жүргөнүн түшүнүү.

25. Көпчүлүк, жашоодо бирөөнү табуу маанилүү деп эсептейт, бирок бирин серин эле билет – эң маанилүү өзүн табуу экенин
Китеп ачып окууга убактысы жоктор жана аудио китептерди жонотунузчу дегендер учун "Рух азыгы" каналын сунуш кылам.Кирип жазылып,эн мыкты аудио китептерди уксаныздар болот..
Бул каналдагы озгочо таасир калтырган Бегижан Ахметовдун "Дербиш" чыгармасы болду.Сиздер дагы угуп коюнуздар.

Ушул ссылка аркылуу кирип,уга аласыздар
⬇️⬇️⬇️⬇️⬇️⬇️⬇️⬇️⬇️⬇️⬇️⬇️⬇️

https://youtu.be/sZz5YSh91to
Web-страница:
"Дербиш" Бегижан Ахмедов | 1-бөлүм | кыргызча аудио китептер | Рух азык
"Дербиш" Бегижан Ахмедов

📣Эскертүү❗️❗️❗️
“Рух азык” каналына жүктөлгөн баардык видео материалдарды, аудиокитептерди көчүрүп таратууга же башка каналга жүктөөгө тыюу салынат❗️ Баардык укуктар корголгон©️

***
"Тоолор кулаганда" Чыңгыз Айтматов
⬇️
https://www.youtube.com/playlist?list=PLjora18Ls4rqi0NYgUaFt-g3r53ZSin_q
***
"Чоочун киши" Зуура Сооронбаева
⬇️
https://www.youtube.com/playlist?list=PLjora18Ls4rrlag_rJv237o66-5tM9y2C
***
"Адам болгум келет" Төлөгөн Касымбеков
⬇️
https://www.youtube.com/playlist?list=PLjora18Ls4roRmJM2bTtlxsHtoTrqusuu
***
"Бриллиант жылан" Чолпонбек Абыкеев
⬇️
https://www.youtube.com/playlist?list=PLjora18Ls4roADiQhPIKH161oCrrmxYpA
***
"Мунабия" Казат Акматов
⬇️
https://youtu.be/wJdrr8V8Epc
***
"Астра гүлү" Зуура Сооронбаева
⬇️
https://www.youtube.com/playlist?list=PLjora18Ls4rpYgWpB2lEoLYAWhwIEhvMj
***
"Ээсине кайткан роза" Нуржигит Кадырбеков
⬇️
https://youtu.be/8wM7zopD_XQ
***
"Гүлсарат" Чыңгыз Айтматов
⬇️
https://www.youtube.com/playlist?list=PLjora18Ls4rrtouWIoioityEIUnFNf2tn…

Найдено 176 постов