Телеграм канал 'Күнөөлөр'

Күнөөлөр


1'937 подписчиков
1'089 просмотров на пост

Имам Захабий 76 чоң күнөөлөр.

Админдер тарабынан чыгарылып жана ар бирине түшүндүрмө берилет

Детальная рекламная статистика будет доступна после прохождения простой процедуры регистрации


Что это дает?
  • Детальная аналитика 187'494 каналов
  • Доступ к 68'363'901 рекламных постов
  • Поиск по 259'783'501 постам
  • Отдача с каждой купленной рекламы
  • Графики динамики изменения показателей канала
  • Где и как размещался канал
  • Детальная статистика по подпискам и отпискам
Telemetr.me

Telemetr.me Подписаться

Аналитика телеграм-каналов - обновления инструмента, новости рынка.

Найдено 21 пост

Бешинчи чоң күнөө.
Зекет берүүдөн баш тартуу.

Аллах Таала айтты.

وَوَيْلٌ لِّلْمُشْرِكِينَ
الَّذِينَ لَا يُؤْتُونَ الزَّكَاةَ

"Аллахка шерик кошкондорго азап болсун. Алар зекет беришпейт.

📚 ( Фуссилат 6, 7)

وَالَّذِينَ يَكْنِزُونَ الذَّهَبَ وَالْفِضَّةَ وَلَا يُنْفِقُونَهَا فِي سَبِيلِ اللَّهِ فَبَشِّرْهُمْ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ
يَوْمَ يُحْمَى عَلَيْهَا فِي نَارِ جَهَنَّمَ فَتُكْوَى بِهَا جِبَاهُهُمْ وَجُنُوبُهُمْ وَظُهُورُهُمْ هَذَا مَا كَنَزْتُمْ لِأَنْفُسِكُمْ فَذُوقُوا مَا كُنْتُمْ تَكْنِزُونَ

"Алтын күмүштү жыйнап, бирок Аллах жолунда сарптабагандарга сыздатуучу азапты кабарла. Кыйымат күнү алар тозок отуна кызытылып, аны менен алардын маңдайларына, капталдарына жана жондоруна так басылып: “Мына, өзүңөр үчүн жыйнаганыңар! Эми жыйнаганыңардын даамын таткыла" деп айтылат.

📚 ( Тавба:34-35)

Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васаллам айтты: “Кайсыл бир төөнүн же уйдун же койдун ээси болбосун, эгер алардын зекетин бербесе, кыямат күнү эч нерсе жок жерге жаткызылат, ошондо бул айбандар мүйүздөрү менен сүзгүлөп, шыйрактары менен тебелешет, ошондой кылып акыркысы азап берип бүткөндө, биринчиси кайра келип, адамдардын арасындагы акылары чечилгенге чейин азаптайт, бул азаптын баары биздин 50,000 жылга барабар болгон бир күндө болот. Кийин анын бейишке же тозокко болгон жолу көрүнөт. Кайсыл бир кең байлык ээси болсо, эгер ал байлыктын зекетин төлөбөсө, кыямат күнү ага байлыгы ажыдаарга айланып келет”.

☝️ Абу Бакр Сыддык (Аллах андан ыраазы болсун) зекет берүүдөн баш тарткандарга каршы согушкан. Ал өз сөзүндө: “Алпахка касам ичип айтам! Кимде-ким расуулуллах саллаллоху алейхи васаллам заманында берип жүргөн бир улакты да берүүдөн баш тартса, алар менен да согушмакмын деген".

Аллах Таала айтты:



وَلَا يَحْسَبَنَّ الَّذِينَ يَبْخَلُونَ بِمَا آتَاهُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ هُوَ خَيْرًا لَهُمْ ۖ بَلْ هُوَ شَرٌّ لَهُمْ ۖ سَيُطَوَّقُونَ مَا بَخِلُوا بِهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۗ وَلِلَّهِ مِيرَاثُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۗ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ


"Аллахтын берешендигинен өздөрүнө берилген нерселерге сараңдык кылгандарды, алар үчүн жакшы деп ойлобогула! Жок, балким бул аларга жаман! Кыямат күнү алар эмнеге сараңдык кылышкан болсо, ошол нерсеси алардын моюундарына (от болуп) оролот. Асмандардын жана жерлердин (баардык) мурасы Аллахка таандык! Аллах силердин жасаган иштериңерден кабардар!"

📚 (Аалу, Имран:180).

Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам зекет ' берүүдөн баш тарткандар ' жөнүндө мындай дейт: “Кимде-ким зекет берүүдөн баш тартса, биз андан зекетин алган соң, анын малынын жарымын алуубуз Аллахтын парздарынын бир парзы”

(Абу Дауд Насаий).

Абу Хурайрадан риваят: Пайгамбар саллаллаху алейхи ва саллам айтты: “Үч адам тозокко биринчи кирүүчүлөрдөн болот: Заалымдык менен баш ийдирген падыша, Аллахтын акысын төлөбөгөн байлык ээси жана мактанчаак кедей".

✍ Абдуллах айтты: “Силер намаз окууга, зекет берүүгө буйрулдуңар‚ эгер ким зекетин бербесе, демек, анын намазы туура болбойт".
Изображение
Абу Хурайрадан риваят: Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васаллам айтты: “Пенденин кыяматтагы эң биринчи суралуучу амалы анын намазы, эгер намазы туура деп табылса демек ал жеңишке жетиптир, а эгер намазы бузук чыкса демек ал кыйраптыр жана үмүтү үзүлүптүр ”.

( Тирмизий)

Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васаллам айтты: “Адамдар Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммед анын элчиси деп, намаз окуп, зекет бермейинче, уруш кылууга буйрулдум, эгер алар ыйман келимесин келтиришип, намаз окуп, зекетти беришсе менден жанын жана малын сактап калышат эгер Ислам (укуктары бузулбаса) ал эми алардын эсеби Аллах Таалага тапшырылат”.

(Бухари Муслим).

Абу Саиттен риваят: Бир киши пайгамбарыбызга: Оо, Аллахтын элчиси! Аллахтан коркуңуз деди. Ошондо Пайгамбарыбыз жооп берип: “Эй адепсиз!!! Жер бетинде Аллахтан көбүрөөк коркуучу мен эмесминби? деди. Ошол учурда Халид бин Валид: Оо, Аллахтын элчиси бул кишинин башын чаап салайынбы? деди эле. Пайгамбарыбыз: “Жок, мүмкүн ал намаз окуп калаар”-деди.

(Бухари Муслим)

Имам Ахмад муснадында Абдуллах бин Амрдан риваят кылынат: Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васаллам айтты: “Кимде-ким намазга сак болбосо ага нур да, далил да, кутулуу да болбойт. ал кыяматта Корун, Фираун. Хааман жана Убай бин Холафтар менен бирге болот”.

☝️ Жогоруда айтылып өткөн аят, хадистер, сахабалардын жана уламалардын айтып өткөн сөздөрүнүн баары, намазды себепсиз таштаган адамдын каапыр болуусун далилдейт.

🌹 Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи ва саллам бир жолу Муазга айтты: “Кайсыл пенде: Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммед анын пендеси жана элчиси деп ыйман келтирген болсо аны
Аллах отко киргизүүнү арам кылды". '

(Бухарий Муслим).

Демек намазды өз убактынан кечиктирүү чоң күнөөлөрдөн саналат, ал эми бир намазды окубай койуу аягы суйуктук жана уурулук кылган адам сыяктуу болот. Анткени намаздын баарын таштоо же аны убактысынан кечиктирүү чоң күнөөлөрдөн, эгер бир нече жолу кайталаган болсо демек ал өтө чоң күнөөкөр, а бирок тообо кылса алардан болбойт. Ал эми намаз окубаганды өзүнө адат кылып алса анда ал инсан бактысыз адашкан күнөөкөрлөрдөн болот.
Төртүнчү чоң күнөө.
Намазды таштоо.

Аллах Таала айтты.

فَخَلَفَ مِن بَعْدِهِمْ خَلْفٌ أَضَاعُوا الصَّلَاةَ وَاتَّبَعُوا الشَّهَوَاتِ فَسَوْفَ يَلْقَوْنَ غَيًّا
إِلَّا مَن تَابَ

"Алардын артынан намаздарын таштап напсилерине кул болгон адамдар келишти. Ошондуктан алар чоң жаңылууга кезигишет. Бир гана тообо кылгандар .... (Марям 59 - 60 аят)

Аллах Таала айтты:

فَوَيْلٌ لِّلْمُصَلِّينَ
الَّذِينَ هُمْ عَن صَلَاتِهِمْ سَاهُونَ
الَّذِينَ هُمْ يُرَاؤُونَ
وَيَمْنَعُونَ الْمَاعُونَ

"Намаз (ды көңүл бөлбөй) окугандарга азап болсун! Анткени алар намаздарды унутуучу болушат. Алар намаздарын эл көрсүн үчүн гана окушат. Жана алар үй буюмдарын (башкаларга) беришпейт"

(Маун 4,5,6,7)

مَا سَلَكَكُمْ فِي سَقَرَ
قَالُوا لَمْ نَكُ مِنَ الْمُصَلِّينَ

"Силерди тозоко эмне алып келди (деп суралганда алар) : Биз намаз окуучулардан болбодук " - деп жооп беришет.

(Муддассир: 42 - 43)


Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васаллам айтат: “Каапырлар менен биздин арабыздагы айырмачылык бул намаз, ким аны таштаса каапыр болуптур”.

( Тирмизий)

🌹 Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васаллам айтты:

“Кимде-ким дигер намазын себепсиз таштаса, анын кылган жакшы амалдары кыйрап текке кетет”.

🌹 Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васаллам айтат:

“Мусулман менен каапырдын айырмасы намазды таштоодо”.


Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васаллам айтты:

“Кимде-ким намазды (парз экендигин) билип туруп таштаса, ал Аллахтын кепилдигинен кур калат”.

Умар (Аллах андан ыраазы болсун) өз сөзүндө
мындай дейт:
Намазды таштаган инсан үчүн исламда эч кандаи үлүш жок .

Ибрахим Нахаий айтат:

Ким намазды таштаса демек ал каапыр болуптур. Аййуб Сихтияний да ушуп эле сөздү айткан.

Абу Хурайра айтты: Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи ва салламдын сахабалары намаздан башка амалдарды таштоону каапырдыкдеп санашпайт эле.

(Хааким)

Ибн Хазм айтты: Аллахка шерик кошуудан кийин. намаз убактысы өтүп кеткенге чейин намазды таштап койуудан жана эч акысыз (укуксуз) адам өлтүрүүдөн чоңураак күнөө жок.
Изображение
Бизде төрт Телеграм канал бар.

💞 Нике жана Ислам.
🖤 Школа семейного счастья
📚 Чоң күнөөлөр.
❣ Нике жана жыныстык жашоо. (Платный)


Акылуу Телеграм каналыбызга катталам деп бул жака катталгандар бар экен.
Акылуу Телеграм каналыбыздын ссылкасы жашыруун жана жабык болот.

Эгерде катталам дегендер болсо, 0773238187 номерине жазсаңыздар болот.
Изображение
Бул китепти 13 кылымда жазган.

Азыр дин баардык жака жеткен.
Диний китептер толтура, аалымдар толтура, мечиттер толтура, диний насаат беричүү интернет желелери жана соц тармактар толтура.

"Мага дин боюнча жетпей калды" деген сөзгө үзүр жок!
Анткени Өз пенделерине мээримдүү жана ырайымдуу Аллах Таала Өз сөзүндө.

وَمَا كُنَّا مُعَذِّبِينَ حَتَّى نَبْعَثَ رَسُولًا

Биз элчи (эскертүүчү) жибермейинче азаптабайбыз" - деп айтат. ( Исра - 15)

Алгачкы Эфиопияга хижрат кылган сахабалар, парз же арам кылынган амалдар пайгамбарыбызга түшүп аларга бул амалдардын кабары бир нече айлардан кийин жетчү. Аларга кабар жеткенге чейин алар билбегендиги үчүн кечиримге татыктуу болушат.
Ошөл сыяктуу ар бир билбеген адам бул аят хадистерди укпаса үзүрлү себеби бар болот.
Көп адамдардын адашып сыйкырды үйрөнүп аны арам деп гана ойлоп жүргөнүн көрөсүң, алар сыйкырчылык каапырдык экенин сезишпейт, алар "ак сыйкырчылык" деген сыйкырдын түрүн үйрөнүшөт, бирок ал да сыйкырдын дал өзү. 'Эркек менен-аялдв ажыраштыруу, Күйөөсүн аялына сүйдүрүп койуу же бири-бирине жек көрсөтүп койуу булардын баары сыйкыр жана башка ушул өңдүү түшүнүксүз сөздөрдүн көпчүлүгү ширк жана адашуу. Сыйкырчынын жазасы өлүм, себеби ал каапырдык же каапырдын окшошу.

❤ Пайгамбарыбыз саллаплаху алейхи васаллам айтты: “Оор болгон жети күнөөдөн алыс болгула...” алардан бири сыйкыр, деп эскерди. Демек ар бир пенде жараткан Аллах Тааладан коркуп дүйнөдө жана акыретте зыян тартып калууга себеп болгон нерсени үйрөнбөсүн.

❣ Пайгамбарыбыз салпаллаху алейхи васалламдан риваят кылынат: “Сыйкырчынын жазасы аны кылыч менен чабуу". Захабий: (бул хадис эмес балким бул Жундубтун сөзүнөн) деген.

Бажаала бин Абада айтты: Умардан (Аллах андан ыраазы болсун) бизге анын өлүмүнөн бир жыл мурун
мындай кат келди. "Ар бир сыйкырчы эркек жана сыйкырчы аяпды өлтүргүлө.

Абу Муса (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Пайгамбарыбыз салпаллаху алейхи васаллам айтты: “Үч адам бейишке кирбейт: Ичкиликти көп ичкен, тууган уруктан мамилени үзгөн жана сыйкырчыны тастыктагандар”. (Ахмад).

Ибн Масъудцан риваят (Аллах андан ыраазы болсун): “Бакшылык, көз мончок тагуу, сыйкырлоо, (эркеке аялын же аялга .күйөөсүн жакшы көрсөтүп койуу) булардын баары Аллахка шерик кошуу деп эсептепет”.

📚 (Ахмад жана АбуДауд).

Билип койгун!!! Мына ушул чон күнөөлөрдүн көпчүлүгү арам экендигин айрым адамдар гана билбесе, көпчүлүгү билбейт. Аларга бул тууралуу тыйуулар жеткен эмес. Аалымдарыбыз ал адамдарга акыйкатты түшүндүрүүдө шашпастан акырындык менен түшүндүрүүсү керек. Аллах үйрөткөн илимден аларга да үйрөтүүсү зарыл. Башкача айтканда ал адамдар динге жаңы кирген же болбосо каапырлар жашаган чөйрөлөрдө жашап алардын үрп адаттарына көнүп калган болушу мүмкүн жана ошондой эле ислам чөйрөсүнө алып келинген кээ бир туткундар же алар мусулманчылыктан такыр эле кабары жок түрк жана күрт каапырлары болушу да мүмкүн, аларды түрк башчылыры сатып алышкан, аларда илим же түшүнүк да жок болгон. Эми алар кыйналып кысталып болсо да ыйман келимелерин айтышкандан кийин бир нече күн өтүп анын маанилерин түшүнүп калса бул өтө чоң жакшылык. Андан кийин намаз окуусу мүмкүн, окубашы да мүмкүн, кийин фатиха сүрөөсүн узун убакытта үйрөнөт эле“ мугалими динди карманса, эгер мугалими да өзүнө окшош болсо, бул байкуш ислам парздарын‚ чоң күнөөлөрдү‚ кайдан билмек эле. Эгер чоң күнөөлөрдү билип андан алыстап‚ ага эмне парз экенин үйрөнүп акыйда илимдерин билсе ал кандай бактылуу адам. Бирок мындай абал өтө сейрек кездешет. Ошондуктан ар бир пенде жакшы абалда жашап жаткандыгы үчүн Аллахкп шүгүр айтуусу зарыл.

Эгер ал өзүнө уне парз болгон амалдарды билбестен же сурабастан убакыт өткөзүп жүрө берген болсочу?

Туура, бул амалдар анын ой пикиринде да болгон эмес, ошоп себебтен ал мага парз болгон нерселерди ким үйрөтөт деген ойду ойлогон да эмес!!! Ошондуктан адамга эскертүүчү болбосо, ал жоопкерчиликтүү эмес. Акыйкатта адамдар динден кабары болбосо демек алар жоопкердүү болушпайт.
3. Сыйкырчылык.

Анткени сыйкырчы сөзсүз каапыр болот.
Аллах Таала айтты.

وَلَكِنَّ الشَّيَاطِينَ كَفَرُوا يُعَلِّمُونَ النَّاسَ السِّحْرَ

"Бирок шайтандар каапыр болушту, алар адамдарга сыйкырды үйрөтүшөт эле.
(Бакара - 102)

Наалатка учураган шайтандын адамга сыйкырды үйрөтүүдөн болгон максаты, Аллахка шерик коштуруу эле. Хаарут жана Маарут жөнүндө Аллах Таала мындай дейт.

وَمَا يُعَلِّمَانِ مِنْ أَحَدٍ حَتَّى يَقُولَا إِنَّمَا نَحْنُ فِتْنَةٌ فَلَا تَكْفُرْ فَيَتَعَلَّمُونَ مِنْهُمَا مَا يُفَرِّقُونَ بِهِ بَيْنَ الْمَرْءِ وَزَوْجِهِ وَمَا هُم بِضَارِّينَ بِهِ مِنْ أَحَدٍ إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ وَيَتَعَلَّمُونَ مَا يَضُرُّهُمْ وَلَا يَنفَعُهُمْ وَلَقَدْ عَلِمُوا لَمَنِ اشْتَرَاهُ مَا لَهُ فِي الْآخِرَةِ مِنْ خَلَاقٍ وَلَبِئْسَ مَا شَرَوْا بِهِ أَنفُسَهُمْ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ

.. алар. Биз сыноодобуз. Каапыр болуп калбагыла деп айтмайынчы, ал экөө эч кимге сыйкырды үйрөтүшкөн эмес. Алар болсо тигилерден эркекти аялынан кантип ажыратууну үйрөнүшкөн". Бирок алар (эркек менен аялды ажыратып салганда) Алланын уруксатсыз эч кимди ажырата алышкан эмес. Алар (кишилер) өздөрүнө пайда келтирбеген жана зыян келтире турган нерсени үйрөнүшкөн. Алар мындай ишти кылгандарга акыретте эч кандай үлүш жоктугун жакшы билишкен. Эгер алар ( Каапыр болгондор) билишсе, өз жандары үчүн сатып алгандары кандай жаман!

(Бакара - 102)
Изображение
Абдуллах бин Амр: (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деди:

Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васаллам айтты: “Кимде-ким келишим түзгөн (каапыр) адамды өлтүрсө бейиштин жытын да жыттабайт, анын жыты кырк жылдык чакырымдан келип турат”.

📚 (Имам Бухари)


Абу Хурайрадан (Аллах ыраазы болсун) риваят кылынган хадисте: Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васаллам айтты: “Кимде-ким Аллахтын жана пайгамбардын кепилдиги менен келишим кылынган адамды өлтүрсө, чындыгында ал Аллахтын кепилдигин бузду, ал бейиштин жытын да жыттабайт, анын жыты кырк жылдык аралыктан келип турат”.

(Тирмизий )

Абу Хурайрадан (Аллах ыраазы болсун) риваят кылынган хадисте:

Пайгамбарыбыз саллаппаху алейхи васаллам айтты: “Ким мусулман адамды өлтүргөнгө жарым сөз менен болсо да жардам берсе, ал инсандын маңдайында, кыямат күнү Аллахтын Мээриминен үмүтү үзүлгөн деп жазылган абалда Аллахты жолуктурат".

(имам Ахмад‚заиф)


Муавия (андан Аллах ыраазы болсун) мындай деди: Пайгамбарыбыз Саллаллоху алейхи васаллам мындай дегенин уктум: “Аллах Таала баардык күнөөлөрдү кечириши мүмкүн, бирок каапыр болуп өлгөн кишини же момун мусулманды атайлап өлтүргөн адамды кечирбейт".

📚 (Насаий)
🌸 Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам айтты: “Жети чон күнөөдөн алыс болгула алардын бири Аллах Таала арам кылган жанды өлтүрүү деди.

Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васалламдан: Күнөөлөрдүн эң чоңу кайсыл?деп суралганда ушундай деп жооп берди: “Сени жараткан Аллах Таалага башка бир затты шерик кылышың". Андан кийинки күнөө кайсыл? деп сурашты. Пайгамбарыбыз: “Багуудан коркуп, өз балаңды өлтүрүшүң” деди. Андан кийинки күнөөчү? Пайгамбарыбыз: “Коңшуңдун аялы менен зына кылышың”деп жооп берди.

Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам айтты:

“Эгер эки мусулман куралдарын алып бирибирин өлтүрүүгө батынса анда өлтүрүүчү да өлгөн адам да тозокто болот". Сахабалар: Оо, Аллахтын элчиси! Бул өлтүрүүчү, а өлгөн адам эмне үчүн тозоко түшөт?! деп сурашты. Пайгамбарыбыз: “Анткени ал дагы аны өлтүрүүгө куштар эле" деди.

🌸 Пайгамбарыбыз саллалаху алейхи васаллам айтты: “Пенде дининин кендигинде боло берет, эгер
ал адам өлтүрбөсө”.


🌸 Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам айтты: “Мен бул ааламдан өткөндөн кийин силер бири бириңердин мойнуңарга уруп (өлтүрүп) каапыр болуп кетпегиле”.

📚 (Бухари жана Муслим )

🌸 Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам айтты: “Эгер пенде арам кан төкпөсо, дининин
кендигинде боло берет".


📚 (Бухари)

Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам айтты: “(Кыямат күнү) Адамдардын арасында эң биринчи, кан төгүү маселеси чечилет”.

(Бухари жана Муслим).

Ибн Бариро атасынан риваят кылган: Пайгамбар саллаллаху алейхи васаллам айтты: “Бир момунду өлтүрүү Аллахтын астында дүйнөнүн жок болуп кетүүсүнөн да жогору турат”.

📚 (Насаий Тирмизий)

Абдуллах бин Амырдан рываят кылынат: Пайгамбар саллаллаху алейхи васаллам айтты: “Күнөөлөрдүн эң чоңу Аллахка шерик кошуу, адам өлтүрүү жана ата-энеге ак болуу. . .

Укба бин Мааликтен риваят: Пайгамбар саллаллаху алейхи васаллам: “Ким мусулманды өлтүрсө Аллах андан баш тартат” деп үч жолу айтты.

🌸 Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам айтты: “Кайсыл бир адам зулумдук менен өлтүрүлсө, анда төгүлгөн кандын күнөөсү адам баласына (Адамдын эң биринчи балдарынын бири Кабылга) да жазылат, анткени Адам баласы эң биринчи адам өлтүрүүнү баштаган”.

📚 (Бухари жана Муслим)
2 - чоң күнөө.

وَمَن يَقْتُلْ مُؤْمِنًا مُّتَعَمِّدًا فَجَزَاؤُهُ جَهَنَّمُ خَالِدًا فِيهَا وَغَضِبَ اللَّهُ عَلَيْهِ وَلَعَنَهُ وَأَعَدَّ لَهُ عَذَابًا عَظِيمًا

" Эгерде ким мусулманды атайлап өлтүрсө, анын жазасы - Тозок. Анда түбөлүк калат. Ага Аллахтын ачуусу келип, Анын каргышына калат. Ага улуу азап даярдап койот.

( Ниса сүрөөсү. - 93 аят)

وَالَّذِينَ لَا يَدْعُونَ مَعَ اللَّهِ إِلَهًا آخَرَ وَلَا يَقْتُلُونَ النَّفْسَ الَّتِي حَرَّمَ اللَّهُ إِلَّا بِالْحَقِّ وَلَا يَزْنُونَ وَمَن يَفْعَلْ ذَلِكَ يَلْقَ أَثَامًا

يُضَاعَفْ لَهُ الْعَذَابُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَيَخْلُدْ فِيهِ مُهَانًا

إِلَّا مَنْ تَابَ وَآمَنَ وَعَمِلَ عَمَلًا صَالِحًا فَأُولَٰئِكَ يُبَدِّلُ اللَّهُ سَيِّئَاتِهِمْ حَسَنَاتٍ ۗ وَكَانَ اللَّهُ غَفُورًا رَحِيمًا

Алар - Аллахка кошуп, башка кудайларга табынбагандар, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган тирүү жанды укуксуз өлтүрбөгөндөр жана аягы суюктук кылбагандар. Кимде - ким муну жасаса, ал жазаша тартылат. Кыйамат күнүндө алардын жазасы эки эсе болот жана ал анда түбөлүккө кор кылынат.
Ал эми, ким өкүнүп тообо кылса жана жакшылык иштерди иштесе, анда Аллах алардын жаман иштерин жакшы менен алмаштырып койот. Акыйкатта, Аллах - Кээчиримдүү, Мээрбан.


(Фуркан сүрөөсү 68, 69, 70 аяттар)

مَنْ قَتَلَ نَفْسًا بِغَيْرِ نَفْسٍ أَوْ فَسَادٍ فِي الْأَرْضِ فَكَأَنَّمَا قَتَلَ النَّاسَ جَمِيعًا

Ким акысыз адам өлтүрүп, же жер жүзүнө бузукулук таратса, анда ал баардык адамдарды өлтүргөнгө тете.

(Маида 32 аят)

وَإِذَا الْمَوْؤُودَةُ سُئِلَتْ
بِأَيِّ ذَنبٍ قُتِلَتْ

Тирүүлөй көмүлгөн кыздар суралганда:
Кайсы күнөөсү үчүн өлтүрүлгөн?


(Таквир сүрөөсү 8 - 9 аяттар)
Изображение
Ширк деген, сени жараткан Аллах Таалага башка нерсени теңдегениң, ошондой эле ага шерик кылып ташка, инсанга, күнгө, айга, пайгамбарга, молдого, жылдызга, периштелерге жана башка заттарга сыйынышың.

Аллах Таала айтты.

Акыйкатта Аллах Таала Өзүнө кошкондорду кечирбейт, бирок андан башка күнөөлөрдү эгер кимди (кечирүүнү) кааласа кечирет.

(Ниса сүрөөсү 48 аят)

Ким Аллахка шерик кошсо, Аллах ага бейишти арам кылды.

(Маида сүрөөсү 72 аят)

Акыйкатта, ширк кылуу өтө чоң заалымдык.

(Лукман сүрөөсү 13 аят)

Кимде-ким Аллах Таалага шерик кошуп мушрик абалда өлсө, ал эч шек күмөнсүз тозок ээлеринен болот. Ошондой эле кимде-ким Аллахка ыйман кептирип момун абалда өлсө ал күнөөлөрүнө жараша азапталып кийин бейишке кирет.

Пайгамбарыбыз саллалоху алейхи васаллам айтты: “Силерге күнөөлөрдүн эң чоңу жөнүнжө кабар берейинби‘? Аллахка шерик кошуу. . .”

Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васаллам айтты: “Жети чоң күнөөдөн алыс бопгула...” деп Аллахка шерик кошууну да эскерди. Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам айтты: “Кимде-ким динин өзгөртсө аны өлтүргүлө ".

📚 Имам Захабий.


Кыргызстан светтик өлкө, динин өзгөрткөндөрдү өлтүрүп койуп бизди күнөөлөп жүрбөгүлө.
Изображение
Ар бирине админдер тарабынан басым жасалып, жана түшүндүрмө берилет.
🔺️ Көзү ачыктарды тастыктоо.

🔺️ Аялдын күйөөсүнө баш ийбөөсү.

🔺️ Тууган - уруктан мамилени үзүү.

🔺️ Жандыктардын сүрөтүн тартуу.

🔺️ Ушакчылык кылуу.

🔺️ Өлүккө өкүрүү, өзүн - өзү уруу.

🔺️ Ата - текке шек келтирүү.

🔺️ Адилетсиздик

🔺️ Кылыч көтөрүп уруш жарыялоо.

🔺️ Чоң күнөө кылгандарды каапырдыка чыгаруу.

🔺️ Мусулмандарды ызалантып аларды сөгүү.

🔺️ Аллахтын жакын адамдарына душмандык кылуу.

🔺️ Менменсинип ж.б.у.с кийимди жерге сүйрөп кийүү.

🔺️ Эркектин жибек кийип алтын тагынысуу.

🔺️ Кулдун качуусу.

🔺️ Аллахтан башкага арнап союу.

🔺️ Чек - араны өзгөртүү.

🔺️ Сахабаларды сөгүү.

🔺️ Ансарларды сөгүү.

🔺️ Адашууга чакырган, жаман жол ойлоп тапкан.

🔺️ Чачка чач улоочу, денеге сүрөт тартуучу, тишти өгөлөөчү.

🔺️ Мусулман мусулман агасына курал көтөрүү.

🔺️ Атасынан башканы атам деп айтуу.

🔺️ Куш учуруп " жаман жышаан " - деп айтуу.

🔺️ Алтын же күмүш идиштерин колдонуу.

🔺️ Талашып - тартышуу, урушуп касташуу.

🔺️ Кулду заалымдык кылып азаптоо.

🔺️ Таразадан алдоо.

🔺️ Аллахтын жазалоосунан коркпоо.

🔺️ Аллахтын Мээриминен үмүт үзүү.

🔺️ Бирөөнүн жакшылыгын унутуу.

🔺️ Ашыкча сунуу сараңдык кылып бербей коюу.

🔺️ Малдын жүзүнө белги басуу.

🔺️ Кумар оюндары.

🔺️ Харамда ( Мекке, Мединада ) талаптарды бузуу.

🔺️ Жума намазын таштоо.

🔺️ Тыңчылык.
🔺️ Аллахка шерик кылуу.

🔺️ Адам өлтүрүү.

🔺️ Сыйкырчылык.

🔺️ Намазды таштоо.

🔺️ Зекет бербөө.

🔺️ Ата - энеге ак болуу.

🔺️ Сүткордук.

🔺️ Жетимге адилетсиздик кылуу.

🔺️ Пайгамбар айтты деп жалган айтуу.

🔺️ Орозо кармообо.

🔺️ Аллах жолунда күрөшүүдөн качуу.

🔺️ Зына кылуу.

🔺️ Адилетсиз заалым падыша.

🔺️ Арак ичүү.

🔺️ Текеберденүү, мактануу.

🔺️ Жалган күбөлүк берүү.

🔺️ Бачабаздык.

🔺️ Абийирдүү аялдарга жалаа жабуу.

🔺️ Коррупция

🔺️ Адамдардын мал - мүлкүн акысыз тартып алуу.

🔺️ Уурулук кылуу.

🔺️ Каракчылык.

🔺️ Жалган ант.

🔺️ Жалганчылык.

🔺️ Өзүнүн жанын кыйган адам.

🔺️ Адилетсиз сот, жаман казы.

🔺️ Үй - бүлөсүн кызганбаган адам.

🔺️ Эркек сымал аялдар, аял сымал эркектер.

🔺️Адалдоочу жана ага адалдануучу.

🔺️ Өлгөн малды, канды, чочконун этин жеш.

🔺️ Заарадан сактанбагандык.

🔺️ Салыкчы.

🔺️ Эл көрсүн деп жасалган ибадат.

🔺️ Кыянаттык.

🔺️ Дүнүйө үчүн илим алып же илимин жашыруу.

🔺️ Милдет кылуучу.

🔺️ Тагдырдф жалганга чыгаруучу.

🔺️ Сырдашкандардын сөзүн тыңдоо.

🔺️ Каргыш айтуу.

🔺️ Башчысына кыянат кылуу.

🔺️ Көзү ачыктарды тастыктоо.

Найдено 21 пост